Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков гибриддик согуштун узакка созула тургандыгын айтты

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темалар тууралуу маалымат берди.

1967067
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков гибриддик согуштун узакка созула тургандыгын айтты

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дос эмес өлкөлөрдүн Россияга каршы жүргүзгөн гибриддик согуштун узакка созула тургандыгын айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темалар тууралуу маалымат берди.

Россиянын Украинадагы "атайын аскердик операциясы" быйыл бүтөбү деген суроого жооп берген  Песков : "Эгерде масштабдуу согуштан сөз кылып жатсаңар, бул касташкан мамлекеттер жана дос эмес мамлекеттер менен болгон кагылышуу. Бул биздин өлкөгө каршы алар баштаган гибриддик согуш жана ал узакка созулат. Мындай учурда бизге ишеним, чечкиндүүлүк жана Президенттин айланасында биримдик керек",-  деди.

 



Тектеш кабарлар