БУУ Орусияга каршылык көрсөттү

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында өзөктүк куралга байланыштуу чыңалуунун күчөшүнүн тынчсыздандырганын айтты.

1965913
БУУ Орусияга каршылык көрсөттү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусиянын Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу планына байланыштуу, бардык мүчө мамлекеттердин Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин аткарышы керектигин билдирди.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, өзөктүк куралга байланыштуу чыңалуунун күчөшүнүн тынчсыздандырганын айтты.

Өзөктүк коркунучтардын абдан жогору экенин белгилеген Дюжаррик, чыңалууну арттыра турган ар кандай туура эмес эсептөөлөр же кыймылдардан качуу керектигин баса белгиледи.

Дюжаррик: «Бардык мүчө мамлекеттер Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди аткарууга милдеттүү. Алар келишимдеги жоопкерчиликти жана милдеттенмелерди аткарышы керек»,-деди.

Украинанын БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакыруусуна байланыштуу болсо Дюжаррик, жыйындын ушул аптада боло турганын маалымдады.

Орус президенти Владимир Путин 25-мартта Беларуста тактикалык өзөктүк куралдарды жайгаштыра тургандарын белгилеп: «Биз муну ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелерибизди бузбастан жасайбыз»,-деген.

НАТО жана Евробиримдик (ЕБ) Орусиянын бул чечимин “жоопкерчиликсиз” деп билдиришкен.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги да БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз чогулуусун өтүнгөн.



Тектеш кабарлар