АКШда мектепте кол салуу болду

Полиция кол салган адамды таасирсиз кылды.

1966026
АКШда мектепте кол салуу болду

АКШнын Теннесси штатында чиркөөгө таандык мектепке жасалган куралдуу кол салууда үчөөсү бала 6 адам каза болду.

Полиция кол салган адамды таасирсиз кылды.

Метро Нашвилл Полиция Департаменти, колунда 2 курал жана бир тапанча болгон кол салуучунун, ошол эле мектепти аяктаган 28 жаштагы Адри Элизабет Хейл аттуу аял экенин кабарлады.

Кол салуудан кийин АКШнын президенти Жо Байден, куралдануу боюнча катаал эрежелерди алып келе турган мыйзамдарды кабыл алуу үчүн Конгрессти чара көрүүгө чакырды.

Байден ошондой эле өлкө боюнча бардык коомдук имараттардын, анын ичинде Ак үйдүн, аскердик гарнизондордун жана флоттун кемелеринин желектерин 31-мартка чейин жарым ылдый түшүрүүгө буйрук берди.

Буга ылайык, АКШнын чет өлкөлөрдөгү бардык элчиликтери жана консулдук мекемелеринде, аскердик базалары жана флот станцияларында да желектер ошол күнгө чейин жарым ылдый түшүрүлөт.



Тектеш кабарлар