Буркина-Фасо France 24 телеканалынын көрсөтүүлөрүн токтотту
Буркина-Фасо менен Франциянын ортосундагы чыңалуу күчөп баратат.

Буркина-Фасо France 24 телеканалынын көрсөтүүлөрүн токтотту.
Батыш Африка өлкөсү Буркина-Фасо менен Франциянын ортосундагы чыңалуу күчөп баратат.
Вагадугу администрациясы, France 24 телеканалынын өлкөдөгү көрсөтүүлөрүн токтотту.
Буга француз телекомпаниясынын "Аль-Каида" террордук уюмунун Түндүк Африкадагы лидери менен интервьюсун жарыялоосу себеп болду.
Негиздемеде телеканалдын террористтер үчүн байланыш каражаты катары иштегени айтылды.
France 24 террордук уюм "Аль-Каиданын" түндүк африкалык лидери делген адам менен болгон маегин 6-мартта жарыялаган.
Январь айында Вагадугу Францияга өз аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча нота жиберген.
Француз каналы буга чейин террордук уюм ПККга колдоо көрсөткөн берүүлөрдү да жарыялаган.
Тектеш кабарлар

Украинага курал-жарак экспорттоо
Украинага курал экспортун бекитүү сунушу 75 каршы 98 добуш менен четке кагылды.