Путин Беларуска өзөктүк курал жайгаштырмакчы

Орус президенти Владимир Путин Орусия менен Беларустун өзөктүк курал боюнча макулдашканын билдирди.

1965046
Путин Беларуска өзөктүк курал жайгаштырмакчы

 

Орусия Беларустун аймагына өзөктүк куралын жайгаштырмакчы.

Орус президенти Владимир Путин Орусия менен Беларустун өзөктүк курал боюнча макулдашканын билдирди.

Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк куралдарды жайгаштыра тургандарын белгилеген Путин, Орусиянын «Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин» бузбастан Беларустун аймагына өзөктүк куралын жайгаштырарын билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европадагы өзөктүк куралына ишарат кылган Путин: «Биз курал-жарактарды Беларуска өткөрүп жаткан жокпуз, АКШ Европада кылгандай, аларды жайгаштыруудабыз»,-деди.

Путин Орусия буга чейин Беларуска тактикалык өзөктүк курал ташууга жөндөмдүү 10 учак жибергени тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Орус лидери Беларуста өзөктүк курал жайгаштырыла турган объекттин курулушу Орусия тарабынан 1-июлга чейин бүтөрүн кошумчалады.

Өткөн жылы Түндүк Агым 1 жана 2 жаратылыш газ куурларында болгон жарылууларга токтолгон Путин, Пулитцер сыйлыгын алган америкалык журналист Сеймур Херштин Түндүк Агым линиясындагы жардырууларды АКШнын чалгындоо кызматы уюштурган деген жыйынтыкка келгенин белгилеп: «Мен буга толук кошулам»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар