До Квон  Черногорияда камакка алынды

Кызыл бюллетень менен изделген,   "Terra Luna" жана "TerraUSD" криптовалюталарды иштеп чыгуучу жана Terraform Labs фирмасынын негиздөөчүсү, түштүк кореялык До Квон  Черногорияда камакка алынды.

1964663
До Квон  Черногорияда камакка алынды

Кызыл бюллетень менен изделген,   "Terra Luna" жана "TerraUSD" криптовалюталарды иштеп чыгуучу жана Terraform Labs фирмасынын негиздөөчүсү, түштүк кореялык До Квон  Черногорияда камакка алынды.

Бул тууралуу Черногория ички иштер министри Филип Аджич социалдык тармактагы баракчасында билдирип : «Черногория полициясы "До Квон" деген каймана ат менен белгилүү  Түштүк Кореянын жараны Квон До-Хёнду Черногорияда кармады»,- деди.

«Криптовалюта королу» деп таанылган До Квонун борбор шаар Подгорицадагы аэропортто жасалма документтер менен кармалгандыгын айткан Аджич До Квонун Түштүк Корея, АКШ жана Сингапур тарабынан изделгендигин билдирди.

АКШ До Квонду жана анын Terraform Labs компаниясын "крипто-активдердин баалуу кагаздары боюнча миллиарддаган долларлык алдамчылыкты пландоодо" деп айыптаган.

Elliptic аналитика фирмасынын айтымында, өткөн жылы зыян тарткан TerraUSD жана Luna компанияларынын инвесторлору болжол менен 42 миллиард доллар жоготушкан.

Квонду камакка алуу ордери 2022-жылдын декабрь айында Түштүк Кореяда чыгарылган жана Квондун Сербияда экендиги билдирилген.

До Квон ата мекени Түштүк Кореяда да алдамчылык жана капитал рыногу жөнүндөгү мыйзамды бузуу менен  айыпталууда.



Тектеш кабарлар