Кытайда mRNA вакцинасынын колдонулушуна уруксат берилди

Кытайда формуласында кабарчы рибонуклеиндик кислота (mRNA) компонентин камтыган биринчи жаңы коронавирус (Ковид-19) вакцинасы шашылыш түрдө колдонууга бекитилди.

1964025
Кытайда mRNA вакцинасынын колдонулушуна уруксат берилди

Кытайда формуласында кабарчы рибонуклеиндик кислота (mRNA) компонентин камтыган биринчи жаңы коронавирус (Ковид-19) вакцинасы шашылыш түрдө колдонууга бекитилди.

Башкы кеңсеси Хибей провинциясында жайгашкан CSPC Фармацевтикалык группасынын билдирүүсүндө, «SYS6006» деп аталган вакцинанын Кытай Улуттук медициналык продукциялар башкармалыгы тарабынан жактырылганы жарыяланды.

Маалыматта Кытайда чукул түрдө колдонулушуна уруксат берилген биринчи mRNA түрү болгон "SYS6006нын" клиникалык  сыноолордо Омикрон вариантынын BA.5, BF.7, BQ.1.1., XBB.1.5 жана CH.1.1. суб  - варианттарына каршы таасирдүү экендиги билдирилди.

Өлкөдө Ковид  - 19  бейтаптары көп кездешкен 2022 -  жыл 10 -  декабрь жана 2023 -  жыл 18 -  январь арасында 4 миң кишиге жасалган клиникалык сыноолордо эки доза берилген кишилерде вируска каршы 85, 5 пайыздык коргоо болгондугу белгиленди.

Активдүү эмес, протеиндик суббирдик жана вирус вектору ыкмалары менен иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынын 8 түрү Кытайда колдонулууда.

Biontech жана Modernaнын кеңири колдонулган mRNA тибиндеги вакциналары Гонконг жана Макао атайын административдик аймактарында колдонулууда.

Кытайдын Ковид  - 19  эпидемиясынын башынан бери ишке ашырган, чоң масштабдуу жабууну, карантинди жана саякат чектөөлөрүн керек кылган эпидемияны көзөмөлдөө чараларынын 2022 -  жылдын 7 -  декабрында жоюлушунан кийин бейтап саны ылдам өсүп, өлкө бул күнгө чейин болбогон эң чоң массалык жайылуу менен бетме  - бет келди.

Бул өткөн убакытта 1,4 миллиарддык калктын кеминде 1 миллиардына вирустун жуккандыгы болжолдолуп, Кытай башкаруусу 17 -  февралда Ковид  - 19 эпидемиясына каршы «так жеңишке жетишилгендигин» жарыялаган.



Тектеш кабарлар