Бразилияда жогорку мартабалуу башкаруучуларга карата кылмыштуу топ жок кылынды

Бразилия басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, федералдык полиция өлкөнүн беш штатында бир  учурда чоң кылмыштуу топко каршы операция жүргүздү.

1964067
Бразилияда жогорку мартабалуу башкаруучуларга карата кылмыштуу топ жок кылынды

Бразилияда жогорку мартабалуу саясатчыларга жана жетекчилерге кол салууну пландаган кылмыштык уюм жок кылынды.

Бразилия басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, федералдык полиция өлкөнүн беш штатында бир  учурда чоң кылмыштуу топко каршы операция жүргүздү.

Адилет министри Флавио Дино Твиттердеги билдирүүсүндө 120 полициянын кылмыштуу уюмдун үйлөрүнө жана имараттарына тинтүү жүргүзгөнүн белгилеп : «Бир нече мамлекеттик кызматкерди (анын ичинде сенатор жана прокурорду) өлтүрүү пландары колго түшүрүлдү, бул пландар иликтенди жана зарыл чаралар көрүлдү»,- деди.

Кол салуунун бутасындагы кишилердин арасында Бразилиянын мамлекет башчысы Луиз Инасио Лула да Силва менен мурдагы юстиция министри Серхио Моронун да бар экендиги,  операциянын Сан-Паулу жана Парана штаттары менен Рондония, Бразилия жана Мато Гроссо-ду-Сулда аткарылгандыгы тууралуу маалымат берилди.

Операциянын Бразилия жана Түштүк Америкадагы эң чоң баңгизат соодасы менен алектенген "PCC" тобуна каршы жүргүзүлгөндүгү жана Парагвай прокурору Марсело Печчини өлтүрүү окуясында да  PCCтин тиешеси бар экени билдирилди.

PCCге караштуу куралдуу кишилердин мурдагы адилет министри Моронун үйүнүн жакынында бир ферманы ижарага алып, көп убакыт изилдөө жүргүзгөндүгү белгиленди.  



Тектеш кабарлар