Венгрия Европа Бримдигинин кеңейүү процессин каалайт

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто өлкөсүнүн Европа Биримдигинин кеңейүү процессин тездетүүнү каалай турганын билдирди.

1963652
Венгрия Европа Бримдигинин кеңейүү процессин каалайт

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто өлкөсүнүн Европа Биримдигинин кеңейүү процессин тездетүүнү каалай турганын билдирди.

Босния - Герцеговинанын тышкы иштер министри Элмедин Конакович венгриялык кесиптеши Сийярто менен борбор шаар Сараеводогу Тышкы иштер министрлигинин имаратында жолугушту. Жолугушуудан кийин эки министр биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Конакович пресс  - жыйындагы билдирүүсүндө Сийярто менен Босния-Герцеговина жана Венгриянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарга токтолгондорун белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген маселенин жок экени боюнча макулдашкандарын айтты.

Конакович: «Европа Биримдигинин кеңейүүсүнүн жактоочуларынын бири болгон Венгрияга жана кесиптешиме Босния жана Герцеговинанын «талапкер өлкө» статусуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем»,- деди.

Венгриянын  өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн сыйлаганын баса белгилеген Конакович, эки өлкөнүн мекемелеринин ортосундагы кызматташтыктын жакшы деңгээлде экендигин жана бул абалдан ыраазы экенин айтты.

Конакович : «Жолугушуубузда Босния  - Герцеговинанын конституциясына сый көрсөтүлгөн сайын Балкандар жана Европадагы аймактык кызматташууну колдогондугубузду баса белгиледим»,- деди.

Венгриянын тышкы иштер министри Сийярто Россия - Украина согушунан кийинки  кыйынчылыктардын Европа Биримдигинин кеңейүүнү ылдамдата албаганынын чоң жаңылыштык экенин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Сийярто Батыш Балкан өлкөлөрүнүн Европа Биримдигине мүчө болгондон кийин кыйынчылыктар менен дагы таасирдүү күрөшө аларына көңүл бурду.

Венгриянын Европа Биримдигинин кеңейүү процессин тездетүүнү каалаганын баса белгилеген Сийярто мүчө мамлекеттерди Европа Биримдигинин кеңейүү процессине бөгөт коюну токтотууга чакырды.

 



Тектеш кабарлар