Песков журналисттерге Путин жана Синин Москвадагы жолугушуусуна байланыштуу маалымат бердиди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин Москвадагы жолугушуусуна «душмандык» менен мамиле кылынгандыгын айтты.

1963705

Песков журналисттерге Путин жана Синин Москвадагы жолугушуусуна байланыштуу маалымат берди.

Сүйлөшүүлөрдүн кызуу өткөнүн белгилеген Песков сүйлөшүүдө эки лидер кол койгон декларациялардын «өтө маанилүү» экенин баса белгиледи.

Батыштын сүйлөшүүлөргө карата реакциясына баа берген Песков : «Бул дээрлик бардык темаларда достукка жатпаган жана  душмандык бир реакция. Бул эч кимге сыр эмес»,-деди.

Песков эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда Украина сунуш кылган тынчтык планынын каралгандыгын белгилеп : «Бир гана Кытай орун алган тынчтык  планындагы жоболор тууралуу пикир алышуулар болду»,- деди.

Блумберг маалымат агенттигинин : «Кытай Россиядан жаратылыш газын сатып алууну көбөйтүүнү каалабайт»,- деген билдирүүсүнө токтолгон  Песков : «Блумберг бул маалыматтарды берип жатып булак көрсөткөн эмес. Булар негизисиз маалыматтар. Жолугушууда газ алууну көбөйтүү сөз болду»,- деди.

Россияга сапар менен барган Кытайдын мамлекет башчысы Си менен Россиянын президенти Путин Кремлде 20 – 21 -  мартта жолугушуу өткөргөн.

Эки лидердин катышуусунда Россия  -  Кытайдын делегацияларынын арасында да жолугушуулар өткөрүлүп, андан кийин эки өлкөнүн ортосунда айрым декларацияларга кол коюлду.

Тектеш кабарлар