Ооганстан, Пакистан жана Чилиде жер титирөөлөр болду

Жер титирөө Хайбер-Пахтунхва облусунда катуу сезилди.

1963143
Ооганстан, Пакистан жана Чилиде жер титирөөлөр болду
pakistan deprem.jpg
afganistan deprem.jpg

Ооганстандын Хиндикуш аймагында кечээ кечинде болгон 6,5 баллдык жер титирөөдөн улам Пакистанда каза болгондордун саны 9га жетип, 160тан ашуун киши жаракал алды.

Geo News телеканалынын кабарына караганда, жер титирөө Ооганстан чек арасына жакын Хайбер-Пахтунхва облусунда катуу сезилди.

Хайбер-Пахтунхвада каза болгондордун саны 9га жетип, 160тан ашуун киши жараат алды. Каза болгондордун арасында 2 аял жана 2 бала да бар.

Учурда аймакта 19 үй жарым-жартылай урап калды.

Ооганстанда да кеминде үч киши каза тапты.

Американын геологиялык изилдөөлөр кызматынын билдирүүсүндө, 6,5 баллдык жер титирөөнүн очогунун Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Курм району экени белгиленди.

Жер титирөө Пакистандын борбору Исламабад, Лахор, Равалпинди, Кветта, Пешавар жана башка көптөгөн шаарларда сезилди.

Түштүк Америка өлкөсү Чилинин борбордук бөлүгүндө да күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Чили университетинин Улуттук сейсмология борборунун маалыматына караганда, очогу өлкөнүн Мелипилла шаары болгон 5,6 баллдык жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:38де катталды.

Жердин 57 километр тереңдигинде болгон жер титирөөдөн жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар