Перудагы бороон: 65 адам каза болду

Өлкөнүн көптөгөн шаарларына, өзгөчө борбор шаар Лимага таасирин тийгизген «Яку» бороону сел жана жүздөгөн кыйроого себеп болду.

1962685
Перудагы бороон: 65 адам каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Перуда тропикалык «Яку» бороонунан улам жүргөн селден 65 киши каза болуп, 5 киши дайынсыз жоголду.

Өлкөнүн көптөгөн шаарларына, өзгөчө борбор шаар Лимага таасирин тийгизген «Яку» бороону сел жана жүздөгөн кыйроого себеп болду.

Катуу бороон-чапкындардан 65 адам каза болуп, 5 адам дайынсыз жоголду.

Табигый кырсыктан 66 миң 853 адам жабыркаса, 9 миң 677 үй зыян тартып, 1541 үй жараксыз абалга келди.

Мындан тышкары 56 мектеп, 116 ден соолук борбору жана 239 көпүрө зыянга учурап, 640 чакырым жол бузулду.

Айыл чарба жерлери да олуттуу зыянга учураган бороондо 11 миң гектардык айдоо жерин суу каптап, 30 миң 192 бодо мал кырылды.

Өкмөт, кырсыктан эң көп жапа чеккен 8 аймактын 154 районунда 6 айга өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.



Тектеш кабарлар