Отчет: «Лондон полиция күчтөрү расист жана мизогинист»

2021-жылдын март айында Сара Эверард аттуу аял, полиция кызматкери тарабынан уурдалып, зордукталып, андан соң өлтүрүлгөндөн кийин Лондондун метрополитен полициясына каршы тергөө башталган.

1963097
Отчет: «Лондон полиция күчтөрү расист жана мизогинист»

Англиядагы Лондон метрополитен полициясы тууралуу отчетто, уюм «аялдарды жана балдарды коргой албагандыгы» жана институционалдык жактан «расисттик жана мизогинисттик» болгондугу менен айыпталган.

2021-жылдын март айында Сара Эверард аттуу аял, полиция кызматкери тарабынан уурдалып, зордукталып, андан соң өлтүрүлгөндөн кийин Лондондун метрополитен полициясына каршы тергөө башталган.

Парламенттин жогорку палатасы Лорддор палатасынын мүчөсү Баронесса Луиза Кейси жарыялаган отчётунда полицияны «толугу менен оңдоп чыгуу» керек экени аныкталган.

Отчетто Лондон метрополитенинин полициясы институционалдык жактан «расисттик, мисогинисттик жана гомофобиялык» экени айтылат.

Уюмдун жетекчилигинин ондогон жылдардан бери бул абалды кабыл албаганы баса белгиленген отчетто «басмырлоочу жана рэкетчиликтин тамырын жок кылуунун системалуу түрдө ишке ашпаганына» көңүл бурулду.

Отчетто Сара Эверардды өлтүргөн Уэйн Кузен жана көптөгөн аялды зордуктаганы ачыкка чыккан Дэвид Кэррик сыяктуу уюмда дагы көптөгөн полиция кызматкерлери болушу мүмкүн экенине баа берилди.

Лондон Метрополитен полициясынын «коомчулукту аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөн полиция кызматкерлеринен коргой албаганы» белгиленген отчетто аялдардын жана балдардын татыктуу коргоо жана колдоону албаганы баса белгиленди.

Уюмду оңдоо боюнча бир катар сунуштарды берип, Кейси өз баяндамасында полиция кызматкерлери Кэррик жана Кузенс кызмат кылган бөлүмдү жоюу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар