Зеленский Мариана Бетсаны кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду
Жарлыкта Украинанын Таллиндеги элчиси Бетсанын кызматынан бошотулгандыгы билдирилди.
1961506
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Эстониядагы элчиси Мариана Бетсаны кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Зеленскийдин тиешелүү жарлыгы Украина президентинин сайтында жарыяланды. Жарлыкта Украинанын Таллиндеги элчиси Бетсанын кызматынан бошотулгандыгы билдирилди.
Зеленский кол койгон башка жарлыкта Бетсанын ордуна Максим Кононенко дайындалгандыгы маалымдалды.