Испания Украинага согуштук учак жибербейт

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес Украинага эч кандай согуштук учак жөнөтпөй тургандарын билдирди.

1961455
Испания Украинага согуштук учак жибербейт

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес Украинага эч кандай согуштук учак жөнөтпөй тургандарын билдирди.

Польша менен Словакия Украинага согуштук учактарды жөнөтө турганын жарыялагандан кийин "Европа Биримдигинен  башка өлкөлөр да муну колдойбу?"  талкуулар башталды.

Коргоо министри Роблес : "Испания катары биз альянс өлкөлөрүнүн Украинага жардам берүү боюнча чыгарган чечимдерине сый көрсөтүү менен мамиле кылабыз. Анткени акырында бул өлкөгө жардам бар. Бирок Испаниянын позициясы абдан ачык. Согуштук учактарды жөнөтпөйт",-  деди.

Премьер-министр Педро Санчестин февраль айында Киевге жасаган сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунда учак жардамы темасынын күн тартибине алынгандыгын бирок андан кийин эч качан каралбагандыгын айткан Роблес Испания да болгон айрым өлкөлөр ээ болгон согуштук учактарынын советтик  орбитадагы  башка мамлекеттердин согуштук учактарына караганда машыгуу жана даярдыкты керек кылгандыгын, Украина атайын талап кылган аппараттарга ээ эмес экендерин белгиледи.

Бир тараптан Роблес Испания мурда жарыялаган 6 Leopard 2A4 тибиндеги танктын бул айдын аягында же апрель айынын башында Украинага жеткирилиши үчүн Польшага жөнөтүлө турганын, убада кылынган 4 танктын дагы Украинага жөнөтүлө турганын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар