АКШдан Гондураска жогорку деңгээлде сапар жасалат

Гондурас Кытай менен дипломатиялык мамиле түзөрүн жарыялагандан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Америка боюнча атайын өкүлү Кристофер Додд Гондураска барат.

1961001
АКШдан Гондураска жогорку деңгээлде сапар жасалат

Гондурас Кытай менен дипломатиялык мамиле түзөрүн жарыялагандан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Америка боюнча атайын өкүлү Кристофер Додд Гондураска барат.

Борбордук Америка өлкөсү Гондурастын Кытай менен мамиле түзүүгө ниети тууралуу билдирүүсү Вашингтонду аракетке өткөрдү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти президент Жо Байдендин Америка боюнча атайын өкүлү Додд 17-21-мартта Гондурас менен Панамага бара тургандыгын жарыялады.

"Атайын өкүл Додд Гондурастын жетекчилери жана менчик сектордун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул сапар Америка Кошмо Штаттарынын Батыш жарым шарда инклюзивдик экономикалык өсүштү, демократияны, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмесин колдойт", — деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө. Гондурастын президенти Сиомара Кастро 14-мартта Твиттердеги баракчасына: “Мен (тышкы иштер министри) канцлер Эдуардо Рейнага өкмөт планын аткарууга жана дүйнө элдери менен гармонияда чек араларды эркин кеңейтүүгө чечкиндүүлүгүмдүн белгиси катары Кытай менен расмий мамиле түзүүнү тапшырдым",- деген билдирүү жасаган.

Эгер Кытай менен дипломатиялык мамиле түзүлсө, Гондурас акыркы жылдары Кытайдын пайдасына Тайвань менен байланышын үзгөн Панама, Сальвадор, Доминикан Республикасы жана Никарагуа сыяктуу Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнө кошулат.

Эгер Гондурас да дипломатиялык мамилесин үзсө, Тайванды тааныган өлкөлөрдүн саны 13кө чейин азаят.

АКШ Кытай акыркы жылдарда дүйнөнүн көп өлкөлөрүн, өзгөчө Африканы “карыз тузагына түшүрдү” деп ырастоодо.



Тектеш кабарлар