Түштүк Кореянын лидери Японияда

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл жубайы Ким Кеон Хи менен Японияга акыркы 12 жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде расмий сапар менен барды.

1960883
Түштүк Кореянын лидери Японияда

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл жубайы Ким Кеон Хи менен Японияга акыркы 12 жылдан кийин  биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде расмий сапар менен барды.

Юн Японияга болгон эки күндүк расмий сапарынын алкагында борбор шаар Токиодогу саммитте Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен жолугушту.

Эки лидердин жолугушуусунан мурда Түштүк Корея өнөр жай, соода жана энергетика министрлиги берген билдирүүдө Япониянын Түштүк Кореяга айрым продукциялардын экспортуна киргизилген чектөөлөрдүн жоюлушу жана буга жооп катары Түштүк Кореянын Дүйнөлүк Соода Уюмундагы арызын кайра ала тургандыгы тууралуу келишимдин түзүлгөндүгү белгиленди.

Токиодогу саммиттин эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүгүшүндө «бурулуш жери» боло тургандыгы, саммиттин «маселелерди ашып өтүүгө аракет кылуу» менен бирге экономика, коопсуздук жана башка тармактардагы кызматташтыкты чыңдоого багытталганы белгиленди.

Эки өлкөнүн акыркы бири бирине карата болгон сапарлары 2011 -  жылы декабра Япониянын мурдагы премьер  - министри Нода Йошихидо менен Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчысы Ли Мён Бактын арасында Японияда ишке ашкан.

 

 



Тектеш кабарлар