Путин: "Орусия санкциялык согушка туш болууда"

Путин согуш башталгандан бери биринчи жолу борбор шаар Москвада иш чөйрөсү менен чоң жыйын өткөрдү.

1960889
Путин: "Орусия санкциялык согушка туш болууда"

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн болуп көрбөгөндөй санкциялар согушуна туш болуп жатканын айтты.

Путин согуш башталгандан бери биринчи жолу борбор шаар Москвада иш чөйрөсү менен чоң жыйын өткөрдү.

Өз билдирүүсүндө Орусиянын «санкция согушу» менен бетме-бет келгенин баса белгилеген Путин, качкандын ордуна Орусияда калууну чечкен батыш фирмаларынын акылдуу чечим чыгарганын айтты.

«Учурда күчтүү бизнес дүйнөсүнө муктаждыгыбыз бар. Логистикалык жана каржылык көйгөйлөрдү чечишибиз керек», - деген Путин орус мамлекетине жардам берүү үчүн иштеген ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берип, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө кармоо үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерден тазалоону максат кылганын айткан.

Орусия Украинада башталган согуштан улам көптөгөн өлкөлөрдүн санкцияларына кабылууда.



Тектеш кабарлар