Польшада тыңчылыкка шектелген 9 киши камакка алынды

Польшанын ички иштер министри Мариуш маалымат берди.

1960931
Польшада тыңчылыкка шектелген 9 киши камакка алынды

Польшада орус тыңчылык тармагынын мүчөсү делген 9 киши Украинага курал ташыган темир жолду аңдып, диверсиялык аракеттерди даярдаган деген айып менен кармакка алынды.

Польшанын ички иштер министри Мариуш Камински өз билдирүүсүндө, Ички коопсуздук кызматынын Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен 9 кишини кармаганын кабарлады.

Камински шектүүлөрдүн "Украинага техника, курал-жарак жана жардам жеткирүүгө бөгөт болууну көздөгөн диверсиялык аракеттерге" даярданып жатышканын белгиледи.

Шектүүлөрдүн Украинага жардам ташыган унааларга коюуну пландаган камералары, электрондук аппараттары жана GPS өткөргүчтөрүнүн колго түшүрүлгөнүн белгилеген Камински тергөөнүн уланып жатканын айтты.


Этикеткалар: #орус тыңчылык

Тектеш кабарлар