АКШдан Ф - 16лар тууралуу билдирүү
Пентагондо берилген суроолорго жооп берген Коргоо министри Ллойд Остин Түркиянын негизги НАТО союздашы экендигин эске салды.
1960782
АКШ башкаруусунан Түркияга Ф - 16 аскердик учагын сатуу тууралуу жаңы билдирүү келди.
Пентагондо берилген суроолорго жооп берген Коргоо министри Ллойд Остин Түркиянын негизги НАТО союздашы экендигин эске салды.
Остин : «Түркия менен көптөн бери келе жаткан күчтүү карым-катнашыбыз бар жана аны ушул бойдон сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасоого ниеттенип жатабыз», - деди.
Остин НАТО союздаштарынын арасында шайкештикти улантууга алдыңкылык берүүнү улантышарын белгиледи.
Президент Жо Байден администрациясы Түркияга Ф - 16 аскердик учактарын сатуу улуттук коопсуздук кызыкчылык үчүн зарыл экендигин билдирди.
АКШ Конгресси болсо сатууну Түркиянын Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө жашыл жарык жагуу шартына байланыштырып жатат.