Пакистанда Хандын жактоочулары менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты

Лахордогу кагылышууларда ушул кезге чейин 33 полиция жаракат алып, көп сандаган митингчи да камакка алынды.

1960065
Пакистанда Хандын жактоочулары менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты

Пакистанда кечээ мурдагы премьер  - министр Имран Хандын жактоочулары менен полициянын ортосунда чыккан кагылышуулар бүгүн да улантылууда.

Мурдагы премьер-министр Хандын соттук угууларга катышпаганы үчүн камакка алынышына байланыштуу чыгарылган чечимге каршы  нааразылык акциялары жалпы өлкөдө түнү менен улантылды. 

Лахордогу кагылышууларда ушул кезге чейин 33 полиция жаракат алып, көп сандаган митингчи да камакка алынды.

Пакистан адилеттик кыймылы партиясынын лидери Хан Твиттерден берген билдирүүсүндө өкмөттүн чыныгы ниети өзүн кармап жана өлтүрүү экендигин ортого салды.

Пенжап коопсуздук директору Осман Анвар болсо Пакистан адилеттик кыймыл партиясынын жактоочуларын эскертип, зомбулук күч ала турган болсо катуу чаралардын колдонуларын айтты.

Президент Ариф Алви да Имран Хандын коопсуздугунан тынчсызданып жаткандыгын белгиледи.

13 -  мартта Исламбад  аймактык сотунда Хандын премьер  - министрлик мезгилинде чет элдик мамлекеттик кызматкрелерден келген белектердин сатылгандыгы жана 2022 -  жылы август айында бир аял сотту коркуткан деген негиз менен соттолгон эки иш боюнча угуулар болуп өткөн.

Эки угууга да катышпаган Хан тууралуу ар башка камоо чечими чыгарылган.

Хандын премьер – министр болуп турган кезде чет элдик мамлекеттик кызматкерлерден келген белектердин сатылгандыгы тууралуу окуя боюнча сот полицияга Ханды 29-марттагы отурумга алып келүүнү буюрган.

Хан аял сотту коркутту деген негиз менен чыгарылган камоо чечимине каршы сотко кайрылган. Сот  Хандын камоо чечимин 16 -  мартка чейин токтоткон.

Белужистан провинциясынын Куетта шаарынын соту да Ханды мамлекеттик мекемелерге жана жетекчилерге каршы айткан сөздөрү жана коомдук тартипти бузууга аракет кылгандыгы үчүн 9-мартта камакка алууга ордер чыгарган. Хандын каршылыгынын натыйжасында жогорку сот тарабынан чечим 2 жумага токтотулган.



Тектеш кабарлар