Литва парламенти Вагнерди террордук уюм катары таныды

Литва парламенти Украинада иш алып барган орус "Вагнер" коопсуздук компаниясын "террордук уюм" деп таануу боюнча чечимди кабыл алганын жарыялады.

1959901
Литва парламенти Вагнерди террордук уюм катары таныды

Литва парламенти Украинада иш алып барган орус "Вагнер" коопсуздук компаниясын "террордук уюм" деп таануу боюнча чечимди кабыл алганын жарыялады.

Чечимде Вагнердин Украинада «террорго бабарбар» деп эсептеле турган аракеттерди кылгандыгы айтылып, «агрессор (Россия) менен бирге аскердик кыймылдарга активдүү катышкандыгы» белгиленди.

Чечимде Россиянын президенти Владимир Путинге жакындыгы менен билинген ишкер Евгений Пригожин тарабынан курулган жана Европа Биримдиги менен АКШ тарабынан санкция салуу тизмесине алынган атайын аскердик фирма Вагнер үчүн «Россиянын көмүскөдөгү күч куралы» деп айтылды.

Өзгөчө чечимде «террордук уюм» деп аталган топтун Борбордук АфрикаРеспубликасы, Судан жана Мали сыяктуу өлкөлөрдө да иш алып баргандыгы, АКШнын Каржы министрлиги тарабынан «трансулуттук кылмыштуу уюм» катары аныкталгандыгына орун берилди.

Башка өлкөлөргө да Вагнерди «террордук уюм» катары кабыл алууга чакыруу салынды.

Вагнердин негиздөөчүсү Пригожин Телеграм аркылуу чечимге  төмөнкүчө жооп берди : «Литва микро мамлекет жана литвалык парламентарлардын көз карашы коңшу өлкөлөр Латвия жана Эстониянын тургундарына таасирин тийгизе албайт».

Пригожин өзгөчө чечимдин кабыл алынышы Вагнердин иштерине таасир тийгизе албай тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар