Эквадор Аргентина элчисин өлкөдөн чыгарды

Эквадор мурдагы Коомдук иштер министри Мария де лос Анхелес Дуартенин Китодогу Аргентина элчилигинен качып Венесуэлага баш калкалоосунан кийин Аргентина элчисин өлкөдөн чыгарды.

1960031
Эквадор Аргентина элчисин өлкөдөн чыгарды

Эквадор мурдагы Коомдук иштер министри Мария де лос Анхелес Дуартенин Китодогу Аргентина элчилигинен качып Венесуэлага баш калкалоосунан кийин Аргентина элчисин өлкөдөн чыгарды.

Эквадордун Тышкы иштер министрлиги Аргентинанын Кито элчиси Габриэль  Фукстун өлкөдөн чыгарылганын жана Эквадордун Буэнос-Айрестеги элчиси Ксавье Монгенин да сүйлөшүүлөр үчүн өлкөгө чакырылганын жарыялады.

Тышкы иштер министри Хуан Карлос Ольгин Дуартенин коррупция боюнча соттолгондугун эске салып, мурдагы министр абакка түшпөө үчүн элчи Фукстун резиденциясында 2 жылдан ашык жашагандыгын айтты.

Эквадордо паракорчулук айыптоолору менен 8 жылга эркинен ажыратылган мурдагы министр Дуарте 2020-жылдын августунан бери жашап жаткан Китодогу Аргентина элчилигинен чыгып, Венесуэладан башпаанек тапкан.

Аргентинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта элчиликтин дипломатиялык турак жайында жашаган Дуартенин Венесуэлага кеткендигин белгилеп : «Дуарте азыркы учурда Каракаста жана эмне үчүн мындай чечим чыгаргандыгын биз менен бөлүшкөн жок. Уулунун жанына баргандыгына байланыштуу бир маалымат жок. Дуартенин кыска мөөнөттө Аргентинага саякатка баруу сыяктуу ниети да жок»,- деп билдирилген.

Эквадор өкмөтү да Аргентинанын карама – каршы маалыматтарды бергендигин баса белгилеп, элчиликтин Дуартенин өлкөдөн кандай качкандыгына байланыштуу коопсуздук камераларына түшкөн көрүнүштөрдү бөлүшпөгөндүгүн билдирген.

Аргентина өкмөтүнөн баш паанек сураган Дуарте Эквадордун өлкөдөн чыгышына уруксат бербешинен улам резиденциядан чыга алган эмес.

Башкы прокурор Диана Салазар жетектеген "2012-2016-жылдары пара алуу" тириштрүүсү  2012-2016-жылдары Эквадордун мурдагы президенти Рафаэль Корреа жетектеген PAIS союздаштыгынын шайлоо кампанияларын каржылоодогу мыйзам бузуулар боюнча козголгон.

Коррупция боюнча айыптоолордун арасында Латын Америка тарыхындагы эң ири коррупциялык чыр  - чатактын чордонунда турган бразилиялык Odebrecht курулуш компаниясы менен бирге  улуттук жана эл аралык компаниялардын аты орун алган.

Рафаэль Корреа 2007-2017-жылдары Эквадордун президенти болуп иштеген.

"2012-2016-жылдары пара алуу" териштирүүсүнүн негизинде  Корреаны камакка алуу талабы 2019-жылдын 9-августунда бекитилген.

 



Тектеш кабарлар