Аргентинанын президенти ооруканага жаткырылды
Президенттиктин саламаттыкты сактоо бөлүмү тарабынан жасалган билдирүүдө Фернандестин бел оорусунан улам борбор шаар Буэнос-Айрестин Реколета районундагы жеке менчик саламаттык сактоо борборуна текшерүү үчүн алынып келингени белгиленди.
Аргентинанын президенти Альберто Фернандес ден-соолугуна байланыштуу жеке клиниканын тез жардам бөлүмүнө жеткирилгени кабарланды.
Президенттиктин саламаттыкты сактоо бөлүмү тарабынан жасалган билдирүүдө Фернандестин бел оорусунан улам борбор шаар Буэнос-Айрестин Реколета районундагы жеке менчик саламаттык сактоо борборуна текшерүү үчүн алынып келингени белгиленди.
Билдирүүдө, «Катуу бел оорусу үчүн керектүү атайын дарылоону колдонуу үчүн изилдөөлөр жүргүзүлүп, коомчулукка маалымат берилет»,делди.
Фернандес ден-соолугуна байланыштуу 2022-жылдын 15-ноябрында Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин биринчи сессиясына катышкан эмес.
Президент Фернандестин медициналык тобунун расмий билдирүүсүнө караганда, 63 жаштагы Фернандестин кан басымы төмөндөп, башы айланып чыдабай калган.