Литва Европа Биримдигинен Россияга карата дагы катуу санкция талап кылууда

Литванын президенти Гитанас Науседа Европа Биримдигинин Украинага кол салуусунан улам Россияга дагы катуу санкция салынышы керектигин айтты.

1959708
Литва Европа Биримдигинен Россияга карата дагы катуу санкция талап кылууда

Литванын президенти Гитанас Науседа Европа Биримдигинин Украинага кол салуусунан улам Россияга дагы катуу санкция салынышы керектигин айтты.

Науседа Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европа Парламентинин жалпы кеңешине катышып сөз сүйлөдү.

Россиянын Европанын баалуулуктарына коркунуч туудургандыгын белгилеген Науседа : «Баарыбызды талкалай электе  бул агрессияны токтотуубуз керек»,- деди.

Науседа  Украина калкынын тагдыры бир гана буга караштуу эмес экендигин, Европада мунун артынан да туруктуу тынчтыктын түзүлүшү мүмкүн экендигин айтып : «Россия Украинага каршы ырайымсыз согушун токтотконго чейин бул өлкөгө карата санкцияларды күчөтүүбүз керек. Өзгөчө кол салуу кылмыштарынын жооптуулары да жоопко тартылышы керек. Ушул себептен мындай кылмыштарды териштире турган атайын эл аралык  соттун курулушун колдоймун. Өзгөчө Россиянын тоңдурулган активдерин  Украинанын кайра куруу иштеринде колдонулушун да колдоймун»,- деди.

Европа Биримдигинин кеңейтилиши керектигин баса белгилеген Науседа : «Дагы күчтүү бир Европа үчүн келүүнү каалагандар реформа кылууну каалап жатышат. Бүгүн Европа Биримдигин күчтүү кылууну кааласак жаңы мүчөлөрдү кошуубуз керек. Ушул себептен Украина, Молдова жана Батыш Балкан өлкөлөрү тууралуу акыркы чечимдерди ыраазычылык менен кабыл аламын»,- деди.



Тектеш кабарлар