Ирактагы эң узун көпүрө урап калды

Керкүктүн жол жана көпүрө бөлүмүнүн башчысы Касым Хамза маалымат берди.

1959293
Ирактагы эң узун көпүрө урап калды

Иракта эки күндөн бери жааган жамгырдан улам сел жүрүп өлкөнүн эң узун көпүрөсү болгон Дакук көпүрөсүнүн бир бөлүгү урап калды.

Керкүктүн жол жана көпүрө бөлүмүнүн башчысы Касым Хамза, нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында пайда болгон селден улам Керкүк-Багдад автожолун байланыштырган Дакук көпүрөсүнүн бир бөлүгүнүн урап түшкөнүн билдирди.

Аталган багытта көптөгөн көпүрөлөрдүн бар экенин белгилеген Хамза, Дакук районунда жайгашкан жана 1 километрдик узундугу менен өлкөнүн эң узун көпүрөсү болгон Дакук көпүрөсүнүн абдан маанилүү экенине көңүл бурду.

Эки багыттуу көпүрөнүн 23 тирөөчү бар экенин билдирген Хамза, акыркы эки күндөн бери жааган жамгырдан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада көпүрөнүн 5 тирөөчүнүн ылдыйкы бөлүгүнүн урап калганын айтты.

Хамза кыйроонун себебинен көпүрөдөн оор жүк ташыган унаалардын өтүүсүнүн токтотулганын кабарлады.



Тектеш кабарлар