АКШ менен Филиппин биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Палаян шаарында болжол менен 3 жумага созула турган «Салакниб» машыгуусун баштады.

1959628
АКШ менен Филиппин биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Филиппин армиясы 4 миңден ашуун аскердин катышуусунда машыгуу өткөрүүдө.

АКШ жана Филиппин армиясы өлкөнүн эң чоң аскердик аймагы жайгашкан Палаян шаарында болжол менен 3 жумага созула турган «Салакниб» машыгуусун баштады.

Филиппин армиясынын командири генерал Ромео Браунер жана АКШ армиясынын командири генерал Ксавье Брунсон катышкан азем менен башталган машыгууга 1000ден ашуун филиппиндик аскер жана 3000ден ашуун америкалык аскер катышууда.

Машыгуу тууралуу маалымат берген генерал Браунер, машыгуунун Филиппин менен АКШ аскерлеринин аба жана жээк коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, ошондой эле эки армиянын ар түрдүү аскердик операцияларда кызматташтыгын бекемдөөнү максат кылганын айтты.

Өлкөдө 2016-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан «Салакниб» машыгуусунун 4-апрелге чейин улана турганы маалымдалды.

Филиппин 2014-жылы эки өлкө ортосунда кол коюлган Күчөтүлгөн коргоо кызматташтык келишиминин (EDCA) алкагында Кытайдын Азия-Тынч океан аймагындагы таасирине каршы туруу үчүн 2-февралда АКШнын өлкөдөгү дагы 4 базага кирүүсүнө уруксат берген.



Тектеш кабарлар