Түндүк Корея АКШнын душмандык саясат жүргүзүп жатканын жүйө кылды

Түндүк Кореяны байкаган интернет сайты «NK News» кабарына караганда өлкөнүн расмий маалымат каражаттары Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө орун берди.

1959134
Түндүк Корея АКШнын  душмандык саясат жүргүзүп жатканын жүйө кылды

Түндүк Корея, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун талкуулоо үчүн жыйынга чакырган АКШнын  душмандык саясат жүргүзүп жатканын жүйө кылды.

Түндүк Кореяны байкаган интернет сайты «NK News» кабарына караганда өлкөнүн расмий маалымат каражаттары Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө орун берди.

Билдирүүдө, АКШнын Түндүк Кореянын адам укуктарынын абалына карата сындоосунун «Түндүк Кореяга каршы душмандык саясатынын эң күчтүү билдирүүсү» катары сыпатталганы белгиленди.

Сындарды айыптаган билдирүүдө АКШнын Пхеньянга каршы маанисиз «адам укуктары боюнча кургак чуусу» Түндүк Кореянын күчү менен кездешүүсүнүн акыркы учуруна чейин уланганы белгиленди.

Билдирүүдө АКШнын «Түндүк Кореяга ядролук темада басым жасай албаганы үчүн бурчка такалган сайын ызы-чууга барганы» белгиленди.

Өткөн аптада эл аралык маалымат каражаттары Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук Кеңешин Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалын талкуулоо үчүн жыйынга чакырганын айтышкан.

Вашингтондун администрациясы да, БУУнун Коопсуздук кеңеши да 17-мартта өткөрүлөт деп айтылган жыйынды ырастаган жок.



Тектеш кабарлар