Си Цзиньпин анын өлкөсү глобалдык коопсуздукта активдүүрөөк роль ойноорун айтты

Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын (КНК) Башкы Ассамблеясынын жабылыш жыйынында Си, Кытай өзүнүн «улуттук ойгонуусун» ишке ашыруу үчүн өнүгүү менен коопсуздуктун ортосунда тең салмактуулукту сакташы керектигин баса белгиледи.

1958882
Си Цзиньпин анын өлкөсү  глобалдык коопсуздукта активдүүрөөк роль ойноорун айтты

 

Кытайда үчүнчү жолу президент болуп шайланган Си Цзиньпин анын өлкөсү өнүгүү темпин сактап калуу үчүн глобалдык коопсуздукта активдүүрөөк роль ойноорун айтты.

Бийликтеги үчүнчү мөөнөтүн баштаган Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын Башкы Ассамблеясынын жабылыш жыйынында Си, Кытай өзүнүн «улуттук ойгонуусун» ишке ашыруу үчүн өнүгүү менен коопсуздуктун ортосунда тең салмактуулукту сакташы керектигин баса белгиледи.

Кытайдын көп тараптуулукту коргой турганын, глобалдык коопсуздук демилгелерин колдоорун жана глобалдык башкаруу системасын реформалоого жана курууга жигердүү катышаарын белгилеген Си: «Бул дүйнөдөгү тынчтыкка жана өнүгүүгө позитивдүү энергия берип, Кытайдын өнүгүүсүнө шарт түзгөн эл аралык чөйрөнү камсыздайт»,-деди.

Кытайдын улуттук коопсуздук тутумун жана улуттук коопсуздугун коргоо дараметин жакшыртуусу керектигин билдирген Си:«Биз коомдук коопсуздукту жана социалдык башкаруу системасын бекемдеп, жаңы коопсуздук архитектурасы менен өнүгүүнүн жаңы моделин камсыздашыбыз керек»,-деп айтты.

Улуттук коргонуунун «бардык фронттордо» өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Си: «Биз Кытайдын куралдуу күчтөрүн өлкөнүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана өнүгүү кызыкчылыктарын эффективдүү коргой ала турган «Темир Кытай дубалына» айландырышыбыз керек»,-деп өз баасын берди.

Кытайдын «улуттук ойгонууну» ишке ашыруу үчүн «жогорку сапаттагы өнүгүүгө» көңүл бурушу керектигине көңүл бурган Си, илим жана технология тармагында өзүн-өзү өнүктүрүүнүн жана өзүн-өзү камсыз кылуунун маанисине басым жасады.

10-марттагы 14-Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйыны өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Си Цзиньпин бир добуштан кайрадан мамлекет башчы болуп шайланып, Кытай Эл Республикасынын тарыхында эки мөөнөттөн ашык мамлекет башчылык кызматты аркалаган биринчи лидер болуп калды.



Тектеш кабарлар