Озондун булганышы менен жүрөк оорусунун ортосунда байланыш табылды

Жума күнү European Heart Journal журналында жарыяланган изилдөөдө Кытайдын 70 шаарында 2015-2017-жылдар аралыгында жашаган 258 миллион адамдын ооруканага жаткырылган маалыматтары менен ошол эле мезгилдеги абанын сапаты салыштырылган.

1958497
Озондун булганышы менен жүрөк оорусунун ортосунда байланыш табылды

Кытайда жүргүзүлгөн изилдөө озондун булганышы менен жүрөк ооруларынын көбөйүшүнүн ортосунда байланыш бар деген жыйынтыкка келген.

Жума күнү European Heart Journal журналында жарыяланган изилдөөдө Кытайдын 70 шаарында 2015-2017-жылдар аралыгында жашаган 258 миллион адамдын ооруканага жаткырылган маалыматтары менен ошол эле мезгилдеги абанын сапаты салыштырылган.

Изилдөөнүн натыйжалары боюнча, башка булгоочу заттарга карабастан, жүрөктүн ишемиялык оорусу, жүрөк жетишсиздиги жана инсульт боюнча даттануулар менен ооруканага жаткырылгандардын 3 пайызына озон гана жооптуу экени аныкталган.

Ар бир кубометр абада озондун 10 микрограммга көбөйүшү инфаркт боюнча ооруканага жаткырылгандардын 0,75 пайызга жана инсульттун 0,4 пайызга көбөйүшүнө байланыштуу болгон.

Изилдөө тобунан Шаовей Ву: «Бул маалыматтар жөнөкөй көрүнүшү мүмкүн, бирок, жай мезгилинде озондун деңгээли 200 микрограммдан ашса, бул эффект 20 эседен ашык көбөйөт»,-деп айтты.

Бул божомолго таянып, адистер жай айларында озон менен байланышкан инфарктын көрсөткүчү 15 пайызга, инсульттун көрсөткүчү 8 пайызга чейин жетиши мүмкүн экенин айтышты.



Тектеш кабарлар