Ирандагы мектептерде массалык уулануулар жана кармоолор...

Ирандын Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өткөн аптадан бери уулангандардын саны кыйла азайганы айтылды.

1958347
Ирандагы мектептерде массалык уулануулар жана кармоолор...

Иранда көбүнчө кыздар мектептеринде болуп, өлкөдө нааразылык акцияларына алып келген массалык уулануу фактылары боюнча 100дөн ашуун адам аныкталып, кармалды.

Ирандын Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Тегеран, Кум, Зинкан, Хузестан, Хамадан, Фарс, Гилан, Батыш Азербайжан, Чыгыш Азербайжан, Күрдистан жана Резеви Хорасаны провинцияларындагы мектептериндеги массалык уулануу фактыларынын жооптуусу деген шек менен 100дөн ашуун кишинин кармалганы белгиленди.

Билдирүүдө, кармалгандардын айрымдарынын душмандык ниеттеги адамдар экени, эл менен студенттердин арасында коркуу жана кооптонууну жаратууга аракет кылганы, алардын террордук уюмдар менен байланышы бар-жоктугун аныктоо иштери улантылып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө өткөн аптадан бери уулангандардын саны кыйла азайганы айтылды.

2022-жылдын 30-ноябрынан бери Иранда негизинен кыз окуучулар билим алган мектептерде массалык уулануу фактылары катталууда.

Окуучуларда дем алуу кыйынчылыгы, жүрөк айлануу, башы оору жана буту-колу уюшуп калуу сыяктуу белгилер байкалат.

Буга чейин 238 мектепте 5 миңден ашуун окуучу ууланган.



Тектеш кабарлар