Түштүк Африкадан Израиль кадамы

Улуттук Эркиндик партиясы билдирүү жасады.

1957633
Түштүк Африкадан Израиль кадамы

Түштүк Африканын Улуттук Парламенти, Израиль менен дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтүү сунушун кабыл алды.

Сунушту парламентке тапшырган Улуттук Эркиндик партиясынын билдирүүсүндө, Израиль менен дипломатиялык деңгээлди төмөндөтүү сунушунун Улуттук Парламенттеги добуш берүү менен кабыл алынганы жарыяланды.

Буга ылайык бийликтеги Африка Улуттук Конгресси (ANC) менен парламенттеги үчүнчү эң чоң партия болгон Экономикалык Эркиндик күрөшчүлөрү (EFF) тарабынан колдоого алынган сунуш, добуш берүүгө катышкан 302 депутаттын 208инин колдоосу менен кабыл алынды.

Түштүк Африка 2018-жылы Израилдин Газага жасаган кол салууларына нааразылык иретинде Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алган жана бул өлкө менен болгон карым-катнаштарын 2019-жылы ишенимдүү өкүлдүк даражасына түшүргөн.

Парламенттин бул чечиминин эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну дагы да күчөтөрү күтүлүүдө.

Түштүк Африка азыр эл аралык аренада Палестина маселесинин эң маанилүү коргоочуларынын бири болуп саналат. Ошол эле учурда Израилдин Африка Биримдигине байкоочу болушуна катуу каршы чыккан өлкөлөрдүн башында турат.

1948-1994-жылдар аралыгында өлкөнү башкарган апартеид режиминин азаптуу эскерүүлөрү али унутулбаган Түштүк Африкада өкмөт, Израилди палестиналыктарга каршы «апартеид режимин» колдонууда деп айыптоодо.



Тектеш кабарлар