Африкадагы кургакчылык жана сел

Кениянын мурдагы метеорология директору Эванс Муколве басма сөзгө маалымат берди.

1957834
Африкадагы кургакчылык жана сел

Чыгыш Африканын түштүк жээги сел жана катуу бороондор менен алпурушса, түндүк жээги кургакчылык менен күрөшүп жатат.

Кениянын мурдагы метеорология директору Эванс Муколве басма сөзгө берген маалыматында, эки башка климаттык шарттын Чыгыш Африка жээктерине таасир эткенин айтты.

Муколве: «Бул эки карама-каршы система ар дайым болуп келет. Түштүк жээк суу ташкындары менен, ал эми түндүк жээк кургакчылык менен күрөшүп жатат»,-деди.

Африканын чыгышында экинчи жолу Мадагаскар менен Мозамбикке таасир этиши күтүлгөн Фреддидин тарыхтын эң узакка созулган бороону болушу мүмкүн экени белгиленди.

Бороондон улам каза болгондордун саны 100дөн ашса, Мадагаскарда болжол менен 226 миң, Мозамбикте 163 миң кишиге терс таасирин тийгизди.

Ал эми Чыгыш Африка жээгинин түндүгүндөгү Кения менен Сомалиде миллиондогон адамдар кургакчылыктан жапа чегүүдө.



Тектеш кабарлар