Киевде жарылуу болду

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко шаарда жардыруулардын болгондугун билдирди. Кличко Telegram баракчасынан : "Борбордун Холосиев районунда жардыруулар болуп жатат. Кененирээк маалымат кийинчерээк" ,- деп жазды.

1957010
Киевде жарылуу болду

Украинанын борбору Киев шаарынын мэри Виталий Кличко шаарда жардыруулардын болгондугун билдирди. Кличко Telegram баракчасынан : "Борбордун Холосиев районунда жардыруулар болуп жатат. Кененирээк маалымат кийинчерээк" ,- деп жазды. 

Бир тараптан Харьков губернатору Олег Синегубов орус күчтөрүнүн Харьков шаары жана аймагына кол салганын жарыялады.

Синегубов билдирүүсүндө : "Душман шаарга жана аймакка 15ке жакын чабуул жасады. Негизги инфраструктуралар душмандын бутасы астында",- деди. 

Украинанын Одесса облусунун губернатору Максим Марченко Telegram баракчасынан : «Кеңири масштабдуу ракеталык чабуулдун натыйжасында аймактын энергетикалык инфраструктурасы жана турак жайлары ракеталар менен атылды. Бактыга жараша жабыркагандар жок»,- деди. 

Украинанын көптөгөн аймактарында көптөгөн сааттар аба чабуулу боюнча эскертүүлөр улантылды. 

Бир тараптан Украинанын Улуттук атомдук энергия өндүрүү корпорациясы (Энергоатом) расмий Telegram эсебинен 9 - мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:53тө Запорожье атомдук станциясынын  ракета менен бутага алынганын жарыялады. Кол салуудан улам Украинанын энергетика системасы менен атомдук станциянын ортосундагы акыркы байланыштын үзүлгөнү маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар