Европа Биримдиги сотунун Вагнер чечими

Европа Биримдигинин  башкы соту орус "Вагнер" коопсуздук компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин апасы Виолетта Пригожинага салынган санкцияларды жоюу чечимин чыгарды.

1956856
Европа Биримдиги сотунун Вагнер чечими

Европа Биримдигинин  башкы соту орус "Вагнер" коопсуздук компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин энеси Виолетта Пригожинага салынган санкцияларды жоюу чечимин чыгарды.

Виолетта Пригожинанын ишин Евро Биримдигинин чектөө чараларына каршы ачкан доодо Европа Биримдиги соту Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин үй-бүлө мүчөсү болуу санкция тизмесине кирүүгө себеп боло албайт деп билдирди. Сот эне Пригожинаны санкциялык тизмеден чыгарууну чечти.

Европа Биримдигинин экинчи жогорку сотунун чечиминде : «Евгений Пригожин Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана көз карандысыздыгына доо кетире турган иш-аракеттери үчүн жооптуу болгон күндө да, Виолетта Пригожина менен анын уулунун ортосундагы мамиле үй-бүлөгө негизделген жана тизмеге киргизүү үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт»,- деп айтылды.

Россиянын президенти Владимир Путинге жакындыгы менен таанылган Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин апасы Виолетта Пригожина 2022 - жылдын 23 - февралында Россия Украинага кол салуудан бир күн мурун 400гө жакын адам менен Европа Биримдигинин санкция тизмесине киргизилген.

Учурда Европа Биримдигинин Россияга каршы санкция тизмесинде 1400дөй адам бар. Бул санкцияларга саякатка тыюу салуу, Европа Биримдигинин ичиндеги активдерди тоңдуруу жана тизмедеги адамдарды каржылоого тыюу салуу кирет.



Тектеш кабарлар