Грузияда "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору кайра алынды

Грузиянын бийликтеги партиясы “чет элдик агенттер” мыйзам долбоорун эки түнгө созулган катуу нааразылык акцияларынан кийин кайра алды.

1957280
Грузияда "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору кайра алынды

Грузия эки түнгө созулган катуу нааразылык акцияларынан кийин талаштуу "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоорун кайра алды.

Грузиянын бийликтеги партиясы “чет элдик агенттер” мыйзам долбоорун эки түнгө созулган катуу нааразылык акцияларынан кийин кайра алды.

Грузин кыялы партиясы берген маалыматта : «Биз колдогон мыйзам долбоорун эч кандай эскертүүсүз, шартсыз кайра алабыз», - деп айтылды.  

Грузияда “чет элдик таасирдин ачыктыгы” жөнүндөгү мыйзамдын бекитилишине нааразычылык билдирген митингчилер парламенттин имаратын курчоого аракет кылышып, коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ жана басымдуу суу  менен таркатылды.

Мыйзам басма сөз жана бейөкмөт уюмдаардын каржылоонун 20 пайыздан ашыгы чет элдик булактардан алынса, алар «чет элдик агент» катары катталарын күтүп жаткан.

Оппозициячылдар болсо мыйзамдын өлкөнү Европа Биримдиги  мүчөлүгүнөн алыстатарын жактап жатышат.



Тектеш кабарлар