Армения Индиядан гаубица сатып алат

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин Индиянын коргонуу изилдөө канатына таянган кабарына караганда, Армения Индиядан Каляни стратегиялык системалары тарабынан иштелип чыккан гаубицаларды сатып алат.

1956876
Армения  Индиядан гаубица сатып алат

Армения Индиядан 155 мм автоматтык өзүн өзү чаптоочу гаубицанын системасын сатып алууда.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин Индиянын коргонуу изилдөө канатына таянган кабарына караганда, Армения Индиядан Каляни стратегиялык системалары тарабынан иштелип чыккан 155 миллиметр/39 MARG автоматтык чаптоочу гаубицага буюртма берди.

Каляни Групптун өкүлдөрү гаубицанын индиялык компания тарабынан 8 айда иштелип чыкканын жана Индиянын Баласор жана Покран шаарларында сыналганын жарыялашты.

Армян бийлиги менен жогоруда сөз болгон гаубицанын 40 күндүк сыноосунан кийин анын Армения куралдуу күчтөрүнүн стандарттарына туура келгени аныкталып, келишимге кол коюлганы белгиленди.

Гаубицалар өзгөчө тоолуу аймактарда колдонуу үчүн иштелип чыкканы айтылды.

Армения 2022-жылдын сентябрь айында Индиядан болжол менен 245 миллион долларлык оор куралдарга буюртма берген.

Сөз болуп жаткан буюртма Индия армиясында да колдонулган ата мекендик Пинака көп стволдуу ракета аткычтардан, танкка каршы ракеталардан жана ок-дарылардан турат.



Тектеш кабарлар