Брюсселде орус тилинде коркутууларды камтыган электрондук кат бийликти тынчсыздандырды

Электрондук кат ишенимдүү булактан келбесе да Брюсселдин Башкы прокуратурасы тарабынан иликтөө баштатылды.

1956781
Брюсселде орус тилинде коркутууларды камтыган электрондук кат бийликти тынчсыздандырды

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде орус тилинде коркутууларды камтыган электрондук кат бийликти тынчсыздандырды.

Европа Биримдиги  комиссиясы 8-мартта Брюсселде метродо кол салуу пландалганы тууралуу орус тилиндеги электрондук катты алгандан кийин полицияга кайрылды.

Электрондук кат ишенимдүү булактан келбесе да Брюсселдин Башкы прокуратурасы тарабынан иликтөө баштатылды.

Бельгиянын федералдык темир жол полициясы түнкүсүн метродо текшерүү жүргүзүп, күзөттү күчөттү.

Өлкөнүн көп тираждуу гезиттеринин бири Le Soir электрондук почтасында Брюссел метросундагы Yser жана Rogier станцияларынын ортосунда кол салуу болушу мүмкүн деген коркунучтар бар экенин билдирген.

Электрондук катта орус экендиги айтылган кишинин : «Европа Биримдиги агрессивдүү саясатын улантып жаткан учурда Биримдиктин аймагында массалык террордук чабуулдар башталаарын эскертип кетким келет. 8-мартта Брюсселдеги метро Исер менен Рожьенин ортосунда жардырылат",- дегени белгиленди.

Азырынча далилдер жок болсо да бийликтер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

 



Тектеш кабарлар