Песков Орусия-Украина согушу тууралуу маалымат берди

Песков Украинада «атайын аскердик операциянын» уланып жатканын баса белгиледи.

1956158
Песков Орусия-Украина согушу тууралуу маалымат берди

Орусия Президенттигинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украина маселесин чечүүдө тынчтык жолуна өтүү үчүн зарыл шарттардын түзүлө электигин билдирди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берип, Украинадагы абалга сереп салды.

Украина маселесинин чечилишине байланыштуу Кытайдын Орусияга сунуштаган планы тууралуу суроого жооп берген Песков кытайлык кесиптештеринин пикирлерине маани беришкендерин айтты.

Украинада «атайын аскердик операциянын» уланып жатканын баса белгилеген Песков: «Мындай учурда тынчтык жолуна өтүү үчүн зарыл шарттар түзүлө элек. Андыктан Орусия атайын аскердик операцияны улантуу аркылуу өз максаттарына жетүүгө аракет кылууда»,- деди.

Украинадагы согуштун артында АКШнын турганына көңүл бурган Песков: «Вашингтон бул согуштун бүтүшүн каалабайт. Вашингтон бул согушту улантуу үчүн колунан келгендин баарын жасайт», деп айтты.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага согуш жарыялаган.



Тектеш кабарлар