Индонезияда жер көчкү болду

Индонезиянын Натуна аймагында болгон жер көчкүдө 11 киши каза болуп, ондогон кишиден кабар алына албай жатат.

1955905
Индонезияда жер көчкү болду

Индонезиянын Натуна аймагында болгон жер көчкүдө 11 киши каза болуп, ондогон кишиден кабар алына албай жатат.

Улуттук апаат менен күрөшүү агенттигинин кызматкерлери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Натунанын Серасан айылында жер көчкү болгонун жарыялады.

Жетекчилер жер көчкүдө айылдагы үйлөрдүн топурактын астында калганын билдиришти.

Издөө - куткаруу иштеринде 11 кишинин сөөгү табылганын белгилеген жетекчилер каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулардын болуп жаткандыгын билдиришти.

Жетекчилер ондогон полиция, аскер жана ыктыярчылар катышкан издөө - куткаруу иштеринин байланыш линияларындагы үзгүлтүктөр жана ыңгайсыз аба ырайынан улам кыйынчылык менен болсо да улантылып жаткандыгын билдиришти.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Абдул Мухари жер көчкүдөн жабыркагандардын бир бөлүгүнө али да болсо жетише албагандарын маалымдады.

Мухари 50гө жакын кишиден да кабар алына албай жаткандыгын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар