Иранда жүздөгөн окуучулар ууланды

Урмия шаарынын Эльборз көчөсүндө жайгашкан кыздар жатаканасында калган 450 студенттин көбүнүн түн ичинде курамы аныктала элек газдан ууланганы билдирилди.

1955047
Иранда жүздөгөн окуучулар ууланды

Ирандын Урмия шаарында университеттин студенттери жаткан кыздар жатаканасынан жүздөгөн адамдар ууланды.

Урмия шаарынын Эльборз көчөсүндө жайгашкан кыздар жатаканасында калган 450 студенттин көбүнүн түн ичинде курамы аныктала элек газдан ууланганы билдирилди.

Маалым болгондой, окуучулардын 29у шаардын ар кайсы ооруканаларында дарыланса, калгандары амбулатордук түрдө дарыланышкан.

Иранда 2022-жылдын 30-ноябрынан бери мектептерде массалык уулануу фактылары көңүл бурат.

Өлкө боюнча мектептерде 100гө жакын күн ичинде миңден ашуун окуучу ууланганы айтылат. Окуучуларда дем алуу кыйынчылыгы, жүрөк айлануу, башы оору жана буту-колу уюп калуу сыяктуу белгилер байкалат.

Жооптуу кызматкерлер: «Мектептерде колдонулган уудан N2 (азот) газы табылганы аныкталды»,-деп билдирүү жасаган болчу.

Режимдин каршылаштарынын ырастоолоруна караганда, Иран башкаруучулугунда аялдар башчылык кылган Махса Эмини демонстрацияларынан өч алууну каалаган айрым радикал топтор бар.

Тегеран башкаруусуна жакын булактар ​​болсо бул окуянын артында элди башкарууга каршы тукурууну максат кылган режимге каршы элементтер турганын айтышууда.



Тектеш кабарлар