Нобель сыйлыгынын ээси Алес Беляцкий 10 жылга эркинен ажыратылды
Беларуссия соту 2022 Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси, укук коргоочу Алес Беляцкийди 10 жылга эркинен ажыратты
Беларуссия соту 2022 Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси, укук коргоочу Алес Беляцкийди 10 жылга эркинен ажыратты.
Белта маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Минск соту “Весна” аттуу катталбаган укук коргоо уюмунун башкаруучуларына карата козголгон кылмыш иши боюнча сотто чечим кабыл алынды.
Беляцкий менен башка башкаруучулар "контрабанда" жана "коомдук тартипти одоно түрдө бузган аракеттердин даярдалышы жана бул аракеттерге катышуу" деген негиз менен айыпталган сотто айыпталуучулар 7 - 10 жылга эркинен ажыратылды. Ушунун негизинде 2022 Нобель тынчтык сыйлыгын алган Беляцкий 10 жылга, Валентин Стефанович 9 жылга, Владимир Лабкович 7 жыл, Дмитрий Соловьев 8 жылга эркинен ажыратылды.
Чечим жарыялангандан кийин 10 күндүн ичинде апелляциялык сотко алып барыла алат.
2022 Нобель тынчтык сыйлыгын Беларуссиядан адам укуктарын коргоочу Алес Беляцкий менен Россия жана Украинадан адам укуктарын коргоо уюмдары Мемориал жана Center for Civil Liberties алган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.