Лавров менен Мирзоян жолугушту
Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар талкууланды.
1954613
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Индиянын борбор шаары Нью-Делиде Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Жаңы Делиде өткөрүлгөн 8-Раисина диалогу эл аралык конференциясынын алкагында жолугушкан Лавров менен Мирзоян эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулашты.
Аймактык маселелер да каралган жолугушууда «Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин ортосунда 2020, 2021 жана 2022-жылдары кол коюлган келишимдерге ылайык Азербайжан-Армения карым-катнаштарын жакшыртуу боюнча демилгелерди активдештирүүнүн» мааниси баса белгиленди.
Жолугушууда эки министр байланыштарды улантуу боюнча макулдашышты.