Израиль күчтөрү палестиналык баланы өлтүрдү

Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүүсүндө палестиналык бир бала каза болуп, бирөөсү бала болгон 2 палестиналык да жаракат алды.

1954462
Израиль күчтөрү палестиналык баланы өлтүрдү

Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүүсүндө палестиналык бир бала каза болуп, бирөөсү бала болгон 2 палестиналык да жаракат алды.

Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү Батыш Шерианын түндүгүндөгү Калкиляга караштуу Аззум аймагынын чыгышындагы кире бериште тинтүү жүргүздү.

Тинтүүгө каршылык көрсөткөн палестиналыктар менен Израиль күчтөрүнүн арасында катуу кагылышуулар болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Израиль күчтөрүнүн кол салуусунда желкесине чыныгы ок тийген 15 жаштагы Мухаммед Нидал Селим каза болуп, башка бир бала болсо көкүрөгүнөн жаракат алды. Израиль күчтөрү палестиналык бир жаш жигитти да чыныгы ок менен колунан жаралады.

2023 -  жылдын башынан бери оккупациядагы жерлерде Израиль армиясы жана еврей отурукташуучулар аткан октон каза болгон палестиналыктардын саны 68ге жетти.



Тектеш кабарлар