АКШ Тайванга ракета сатат

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү жасады.

1953774
АКШ Тайванга ракета сатат

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Тайванга F-16 согуштук учактарда колдонулган 619 миллион долларлык ракета сатууга макулдук берди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө, "AGM-88B HARM" үлгүсүндөгү 100 даана анти-радар ракетасы менен "Амраам" тибиндеги 200 даана асмандан асманга учуучу ракетанын Тайванга сатылышына уруксат берилгени айтылды.

619 миллион долларлык сатуунун, Тайвандын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн, аймактык коопсуздук жана АКШ менен биргелешкен иш-аракеттерин арттыра турганы билдирилди.

F-16 согуштук учактарда колдонулган ракеталар жана шаймандар АКШлык коргоо компаниялары Raytheon жана Lockheed Martinтарабынан чыгарылат.

Курал-жарак сатууга уруксат берүүнүн, Тайванды өзүнүн жеринин бир бөлүгү катары эсептеген Кытайдын реакциясын жаратышы күтүлүүдө.

Кытайдын Соода министрлиги, мурунку курал сатуудан улам эки компанияга импорттоого жана экспорттоого тыюу салган.



Тектеш кабарлар