Европа Парламенти ТикТокко тыюу салды

Кытай технология компаниясына таандык ТикТок, айрым өлкөлөрдө улуттук коопсуздук маселелерине байланыштуу тынчсызданууну жаратууда.

1953388
Европа Парламенти ТикТокко тыюу салды

Европа Парламенти (ЕП) өз кызматкерлерине кытайлык "ТикТок" платформасын колдонууга тыюу салды.

Европа Биримдигинин мекемелеринин бири ЕП да ЕБ Комиссиясы менен Кеңешинен кийин кызматкерлерине коопсуздук тынчсызданууларынын себебинен ТикТокту колдонууга тыюу салды.

EП төрагасы Роберта Метсола 8000 чакты ЕП кызматкерине 20-марттан тарта ишкердик телефондорунан бул тиркемени өчүрүүнү талап кылган электрондук почта билдирүүсүн жөнөттү.

Электрондук почтада, кабыл алынган чечимдин себеби "Социалдык медиа платформасы ТикТоктун колдонулушу, өзгөчө маалыматтардын сакталышы жана үчүнчү тараптар тарабынан маалыматтардын чогултулушуна байланыштуу кибер коопсуздук маселеси катары айтылып, тиркеменин жеке телефондордон да өчүрүлүшүнүн сунушталганы билдирилди.

Ушундайча ТикТокко бардык ЕБ мекемелеринде тыюу салынган болду.

Европа Биримдигинин Комиссиясы 23-февралда ТикТокко тыюу салып бул багытта кадам таштаган биринчи ЕБ мекемеси болуп саналат.

Кытай технология компаниясына таандык ТикТок, айрым өлкөлөрдө улуттук коопсуздук маселелерине байланыштуу тынчсызданууну жаратууда.

АКШда да расмий кызмат үчүн колдонулган шаймандарда Тиктокту колдонууга тыюу салынган.



Тектеш кабарлар