АКШдан Сомалиге курал-жарак жана ок-дары

Эш-Шабааб менен күрөшүү үчүн жөнөтүлгөн курал жана ок-дарылардын Сомалиге жеткени кабарланды.

1953284
АКШдан Сомалиге курал-жарак жана ок-дары

Сомали Америка Кошмо Штаттары (АКШ) тарабынан жөнөтүлгөн 61 тонна курал жана ок-дарыларды өткөрүп алды.

АКШнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эш-Шабааб менен күрөшүү үчүн жөнөтүлгөн курал жана ок-дарылардын Сомалиге тапшырылганы кабарланды.

Билдирүүдө 61 тонна курал жана ок-дарылардын Сомалинин борбор шаары Могадишого жеткени белгиленди.

Бир тараптан Түркия, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Улуу Британия жана АКШ биргелешкен билдирүү жасап, террор менен күрөшүп жаткан Сомали өкмөтүнө колдоолорун дагы бир жолу баса белгилешти.

Эш-Шабаб менен күрөшүүдө учкучсуз учуучу аппараттар, чалгындоо жана билим берүү тармактарында иш алып барган АКШнын Сомалиде 450 кызматкери бар экени болжолдонууда.

Сомали армиясы 7 айга жакын убакыттан бери Эш-Шабаабга каршы жүргүзгөн операцияларында олуттуу ийгиликке жетишип, көптөгөн отурукташуу жерлерин кайрадан көзөмөлгө алды.



Тектеш кабарлар