АКШда кар бороону

Америка Кошмо Штаттарында калың жааган кар транспорттун жүрүшүнө таасир тийгизип,   кээ бир штаттарда мектептер каникулга чыкты.

1953135
АКШда кар бороону

Америка Кошмо Штаттарында калың жааган кар транспорттун жүрүшүнө таасир тийгизип,   кээ бир штаттарда мектептер каникулга чыкты.

Өлкөнүн аба ырайын көзөмөлдөгөн Wheather каналы АКШнын ортоңку -  батыш жана чыгыш аймактарында калың жааган кардан кийин муз жана өлкөнүн бир четинен экинчи четине чейин таасирдүү боло турган  бороон тууралуу эскертти.

Аба ырайы кызматы дем алыш күндөн бери жааган кар жана бороондун таасири астында калган Калифорния менен Сиэтлде шаршемби күнү кечке чейин транспорттун кооптуу болоорун эскертти.

Аптанын көпчүлүк бөлүгүндө түнкүсүн абанын температурасы нөлдөн төмөн түшүшү күтүлүп, Лос-Анжелестин түндүгүндө жылытуу маселесин жашап жаткан  тургундар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды.

Улуттук аба кызматы келерки эки күндө 1,8 метрге жакын кардын жаашы күтүлүп жаткан Тахо көлүнүн айланасындагы тоолуу аянтта кар көчкүнүн болушу боюнча эскертти.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Род-Айленд, Коннектикут, Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында калың кардын бүгүн да улана турганы билдирилди.

Массачусетс булуңунун транспорт башкармалыгы (MBTA) кардын жаашынан улам электр жарыгынын үзгүлтүккө учурагандыгын билдирип,  Нью-Йорк жана Нью-Жерсинин айрым аймактарында аба ырайынан улам билим берүү үзгүлтүккө учурады.

Бир тараптан FlightAware сайтынын маалыматына караганда өлкөнүн аба транспортунда кар бороонунан улам миңден ашуун каттамда кечигүү болуп, 473 каттам токтотулду.



Тектеш кабарлар