Пакистандагы жаңжал...
Пакистан армиясы тарабынан жасалган билдирүүдө Түндүк Вазиристан аймагында коопсуздук күчтөрү менен террористтер ортосунда кагылышуу болгону белгиленди.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында чыккан кагылышууда 2 аскер каза болуп, 2 террорист таасирсиз кылынды.
Пакистан армиясы тарабынан жасалган билдирүүдө Түндүк Вазиристан аймагында коопсуздук күчтөрү менен террористтер ортосунда кагылышуу болгону белгиленди.
Билдирүүдө кагылышууда 2 аскердин шейит болгону, 2 террористтин таасирсиз абалга келгени билдирилди.
Көп сандаган курал жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү жазылган билдирүүдө террористтердин кайсы уюмга мүчө экени тууралуу маалымат жок.
Акыркы айларда Пакистанда, өзгөчө Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында террордук чабуулдар көбөйдү.
Исламабад бул чабуулдарды Ооганстанда жайгашкан пакистандык талиптер (ТТП) пландап жана башкарганын билдирди. Ооганстан бул айыптоолорду четке кагууда.
Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте 30-январда бешим намазы учурундагы жанкечтинин кол салуусунда көбү полиция кызматкерлери болгон 102 киши набыт болгон.