Нигерияда жаңы мунай жана газ кени табылды

Нигериянын аныкталган мунай запастары болжол менен 37 миллиард баррель жана бул дүйнөлүк запастардын 3,1 пайызын түзөт.

1952178
Нигерияда жаңы мунай жана газ кени табылды

Африка континентинин мунай жана газга бай өлкөсү Нигерияда жаңы кен табылды.

Нигериянын мунай өндүрүшүн жөнгө салуу комиссиясынын (NUPRC) төрагасы Гбенга Комолафе өз билдирүүсүндө, күнүнө 681 миң баррель чийки мунай жана 1,52 миллиард стандарт куб фут камсыздай турган жаңы мунай скважиналарынан улам чийки мунайдын көлөмүнүн өсүшү күтүлгөнүн айтты.

Нигериянын аныкталган мунай запастары болжол менен 37 миллиард баррель жана бул дүйнөлүк запастардын 3,1 пайызын түзөт.

Чийки мунай өндүрүү боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы 15 өлкөсүнүн арасында орун алган Нигерия эң көп мунай запасы менен дүйнөдө 8-орунда, мунай экспорту жагынан 6-орунда турат.



Тектеш кабарлар